Жаңылыктар
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин видеоконференц-байланыш форматындагы кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйын Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин төрагалыгы астында өттү.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин ишине Президент Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын Президенти Владимир Путин, Пакистандын Премьер-министри Шехбаз Шариф, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Ирандын Президенти Эбрахим Раиси жана Монголиянын Президенти Ухнагийн Хурэлсух жыйынга ШКУга караштуу байкоочу мамлекет башчылары катары, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов төрагалык кылуучу тараптын коногу катары жана ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын башка жетекчилери жыйынга чакырылган.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча сүйлөп чыгышты.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Нью-Дели декларациясы.

2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге алып келүүчү радикалдашууга каршы туруу жөнүндө билдирүүсү.

3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин санариптик трансформация жаатындагы кызматташтык боюнча билдирүүсү.

4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 2030-жылга чейинки мезгилге Шанхай Кызматташтык Уюмунун Экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө чечими.

5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө кылып Иран Ислам Республикасын кабыл алуу процедурасын аяктоо жана ага ШКУга мүчө-мамлекет статусун берүү жөнүндө чечими.

6. Иран Ислам Республикасына ШКУга мүчө-мамлекет статусун берүүгө байланыштуу ШКУга мүчө мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

8. 2023-2024-жылдары Казакстан Республикасынын Алматы шаарын Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин транспортту декарбонизациялоо, жогорку натыйжалуулукка жана туруктуулукка жетишүү үчүн санариптик трансформацияны жана инновациялык технологияларды илгерилетүү боюнча кызматташуу Концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

10. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин ШКУнун аймактык антитеррористтик түзүмүнүн Аткаруу комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу чечими.

11. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча Программасынын ортосунда Меморандумга кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

12. Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун 2022-жылдын сентябрынан 2023-жылдын июлуна чейинки мезгилдеги ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасын бекитүү тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

13. Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррористтик түзүмүнүн 2022-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррористтик түзүмү Кеңешинин баяндамасын бекитүү тууралуу чечими.

14. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандум.