“Коопсуз Шанхай кызматтыштык уюмуна карай”. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги саммити дал ушундай ураан алдында өттү. Индиянын төрагалыгы алдындагы иш-чара видеоконференц форматында уюштурулган. Анда уюмдун алкагындагы бир топ маселелер көтөрүлдү. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров саммитте ШКУнун эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборун Бишкек шаарында түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.