Жаңылыктар
Айыл чарбасына 3 млрд сомдон ашык насыя берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл чарбасына 3 млрд сомдон ашык насыя берилди

Быйылкы жылдын 30-июнуна чейин "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорунун алкагында жалпысынан 3 миллиард 096 миллион 628 миң сомдук 6 886 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 789 миллион 161 миң сомдук, мал чарбачылык категориясы боюнча 2 миллиард 307 миллион 467 миң сомдук жеңилдетилген кредит ээсин тапты. Каражат "Айыл банк" жана "РСК банк" аркылуу берилди. Белгиленгендей, бул жылы арзан кредит берүү шарттары өзгөргөн. Мурда элеттиктер каражатты жети банк аркылуу алып келсе, эми "Айыл банк" менен "РСК банктан" гана ала алышат. Ошондой эле мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категорияларына эле берилет.
Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбооруна республикалык бюджеттен 3,3 миллиард сом каралган.