Жаңылыктар
Өлкөдө мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды

Республика аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги ЖККУга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки мөөнөткө мыйзамсыз миграцияга каршы жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык иш-чараларды жүргүзүүдө. Алсак, ушул жылдын 19-июнунан 25-июнуна чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында “Нелегал-Трафик” аталышында ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн.

Бул иш-чара мыйзамсыз миграцияны уюштурууну, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын бузууга байланышкан фактыларды аныктоого багытталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен өлкөнүн миграция мыйзамын бузган жалпысынан 425 факты аныкталган. Алар, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу, - Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуу, чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуу фактылары. Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамын бузуулары үчүн жалпы суммасы 2 млн 546 миң сомдон ашык түзгөн айып пул салынган.