Жаңылыктар
Аялдардын жатын моюнчасынын рагы акысыз аныкталат
Кыргызстан жаңылыктары
Аялдардын жатын моюнчасынын рагы акысыз аныкталат

Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Текшерүүдөн өтүүнү каалаган аялдарды Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери карайт. Каалоочулар 6-июлдан 13-июлга чейин Улуттук онкология борборуна бара алышат.

Кабыл алуу алдын ала жазылуу жолу менен жүргүзүлөт. Жанында өзүн тастыктаган документ болушу керек.