Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи убактылуу жабылды.
Аталган музейден билдиришкендей, тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу музей шаар тургундары жана коноктору үчүн 2023-жылдын 5-июлунан 28-августуна чейин жабык болот.
Ал эми Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин, туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.