Жаңылыктар
Миграция чөйрөсүндөгү бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Миграция чөйрөсүндөгү бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү кирди. Президент Садыр Жапаров “Тышкы миграциясы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш ушул жылдын 24-майында кабыл алган. Мыйзам миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү жана миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу максатында кабыл алынган.

Алсак, Мыйзам «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча Бирдиктүү маалыматтык тутумду ишке киргизүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Ошондой эле, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр анын жоболорун Конституцияга жана Салык кодексине ылайык келтирүүгө багытталган. Мындан тышкары, өлкө аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар анын ким экендигин тастыктаган жана статусун ырастаган документ катары жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.