Жаңылыктар
Кармалган Улан Жапаров чындап эле Мамлекет башчысынын тууганы
Кыргызстан жаңылыктары
Кармалган Улан Жапаров чындап эле Мамлекет башчысынын тууганы

"Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейсбуктагы баракчасына жазады. Анын айтуусунда, ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө. Муну билген соң Президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул Мамлекет башчысынын талабы" - деп жазды Эрбол Султанбаев.