Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Тосиаки Эндону кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Тосиаки Эндону кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын Башкы кеңешинин төрагасы, Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндону кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналарын баса белгиледи. 

“Япония дүйнөдөгү экономикасы күчтүү алдыңкы өлкөлөрдүн бири экенин эске алуу менен, кыргыз тарап улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн Япониядан алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга кызыкдар. Гидроэнергетика тармагында чакан ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорго катышууга чакырам. Туризм тармагы дагы жакшы дараметке ээ”, - деп Президент белгилеп, Япония жарандарына буга чейин он жыл мурун визасыз режим киргизилгенин жана япониялык туристтерге кыргыз тарап ар дайым кубанычта экенин кошумчалады. 

Өз кезегинде Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын Башкы кеңешинин төрагасы, Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Биргелешкен долбоорлорду белгилеп, ал энергетика тармагындагы долбоорду атап жана анын Кыргызстандын жетекчилигинин колдоосу менен тез арада ишке ашарына үмүт артаарын айтты.