Жаңылыктар
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 5-июлда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу жаран кармалды. Ал ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган.

Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармоо учурунда андн 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар “гашиш” табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңги затын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген. Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Коопсуздук кызматы кармалган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.