Жаңылыктар
Жидда — Ош — Жидда багыты боюнча жаңы каттам ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жидда — Ош — Жидда багыты боюнча  жаңы каттам ачылат

Жидда — Ош — Жидда багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы каттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. Учууларды Сауд Арабиясынын Flynas авиакомпаниясы 21-августтан тарта аткара баштайт деп күтүлүүдө. 

"Ош" эл аралык аэропортунан "Абдулазиз падыша" эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат. Airbus A320neo учактары жумасына үч жолу учмакчы", — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Оштон Жиддага чартердик гана каттамдар болгон.