Жаңылыктар
ЖКнын профилдик комитети референдум боюнча мыйзамды жактырды
Саясат
ЖКнын профилдик комитети референдум боюнча мыйзамды жактырды

 Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитети баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча “Референдум дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мындай чечим бүгүн профилдик комитеттин жыйынында кабыл алынды. Үчүнчү окууда мыйзам долбоорунун аталышы боюнча гана сунуштар түшкөнү болбосо, негизинен олуттуу талкууга алына турган маселе жаралган жок. 

Регламентке ылайык үчүнчү окууда мыйзам долбоордун маани маңызына өзгөртүү киргизилбейт, бирок процедуралык маселелер боюнча сунуштар берилсе болот. Адаттагыдай эле бул мүмкүнчүлүктү депутат Чолпон Жакупова колдонду. Ал мыйзамдын аталышына ичи чыкпай турганын айтты.
Депутаттардын айтымында документ үчүнчү окууда кабыл алынганга чейин мыйзам долбоору макамында болот. Андыктан жалпы палатанын добушуна чейин баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамды дагы долбоор кылып өзгөртүү сунушун беришти.
Бул жагдайда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору баш мыйзамдын 114-беренесине каршы келип калат деген маселе көтөрүлдү. Ага ылайык Жогорку Кеңеш референдумга конституциядагы өзгөртүүлөр боюнча мыйзамды гана чыгара алат, бирок мыйзам долбоорун эмес. Депутат Иса Өмүркулов референдумга чейин документ долбоор катары сунушталарын, анда эч кандай карама каршылык болбойт деди.
Соңунда мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Документке ылайык, жалпы элдик добуш күнүн 11-декабрга дайындоо каралган. Маселени эртең Жогорку Кенештин депутаттары жалпы жыйында карайт.