Жаңылыктар
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган Мадумаровдун тарапташтарынын бети ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган Мадумаровдун тарапташтарынын бети ачылды

Бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду. Бул туурасында атайын кызмат кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыкка чакыруу” беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда аталган партиянын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. 

Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды. Кармалган материалдарда, «Ансыз деле төңкөрүш керек». «Революция болсо токтойт баардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү түшүнбөйт. Муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Бараарда революцияга башыңарды кылычка сайып барыңыздар»; деген жана башка бийликти басып алууга чакырык жасалган кайрылуулар болгон. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын кармалган активдүү жактоочулары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

А.Мадумаровдун тарапташтарынын аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан А.Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыкыс байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн дараметин колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан. УКМК органдары тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.