Жаңылыктар
Т. Текебаев Ташкент шаарында жетекчилердин бейформал жолугушуусуна катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Т. Текебаев Ташкент шаарында жетекчилердин бейформал жолугушуусуна катышууда

6-7-июль күндөрү КР Транспорт жана коммуникациялар министри Т. Текебаев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн транспорт тармагындагы мамлекеттик жана жеке сектордун жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышууда.

Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты транспорт чөйрөсүндө кызматташуунун негизги позицияларын талкуулоо, биргелешкен аракеттерди бириктирүү, өз ара алгылыктуу жана оптималдуу чечимдерди издөө үчүн мамлекеттик сектордун өкүлдөрүн, бизнестин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага бириктирүү.

Мындан тышкары, иш–чаранын жүрүшүндө стратегиялык транспорттук долбоорлор жана мультимодалдык транспорттук коридорлор, анын ичинде "Анжиян – Ош-Кашгар" багыты боюнча коридорлор талкууланды.

Өзбекстан Республикасынын Транспорт министри И.Махкамов менен эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө транспорт жаатындагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол коридорун куруу долбоору жана Кыргыз Республикасын E-permit. уруксат бланктарын электрондук алмашуу боюнча системага интеграциялоо талкууланды.