Жаңылыктар
Акыйкаттын азаптуу жолу
Кылмыш
 Акыйкаттын азаптуу жолу

23-октябрь күнү Сузак районунда, 10 миң сом акча уурдаган деп милиция кызматкерлери тарабынан 9-калсстын окуучусу Шерзад Алибековдун мойнуна алдырылган болчу. Бирок, Шерзад акчаны уурдабаганы тууралуу кат жазып, өзүн- өзү асып, жанын кыйган. Мына ушул сыяктуу көрүнүш Аксы районунда катталып, уурулукка шектүү делип милиция 21 жаштагы Самарбек Максатбек уулун кармашып, сурака алып, башына желим баштык кийгизип, кыйноого алышканын айтат. Учурда бул боюнча “Аксы” райондук прокуратурасы, РИИБнүн милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. 

 Акыры аргасы жоктон кылмышты мойнуна алганын айткан Самарбек, акчаны байкесинин короосуна катканын айткан. Бирок жеринде эч нерсе табылган эмес. Самарбекти милиция кызматкерлери кайра алып кетүүгө аракет кылганда, үйүндөгүлөр жолтоо болгон.
Милиция кызматкерлери жана Самарбектин агаларынын телефонго тартылган ызы чуусу.

 Эң кызыгы уурунун дүкөнгө кирип, акчаны уурдап жатканы видео камера түшүп калган. Видеодо бүт денеси жабылган, башына бет кап кийген кылмышкер, соода түйүнүнө түнкү саат 12де киргени да жазылып турат. Бул убакта шектелип жаткан Самарбек дос баласыныкында тойдо отурганын далилдегендер да болгон..
 Окуянын чоо жайын тактоо үчүн тартип сакчыларына кайрылганыбызда тергөө иштери жүрүп жаткандыктан азырынча маалымат берилбей турганын билдирди. Ал эми Самарбек райондук прокуратурага окуя боюнча арыз жазып, милиция кызматкерлерине доо койгон.
Райондук прокуратура “шектүү” болсо да тартип сакчылары ур токмокко алып, эч кимге кабар бербестен суракка алганы туура эмес экенин билдирет.
Шектелип жаткан Самарбек да кылмыштын бети ачылып, анык ууру темир тор артына кетип , тартип сакчылары болсо туура мамилеге үйрөнсө дейт. Өткөн апта эле бүт өлкөнү тик тургузган Сузактагы өспүрүмдүн окуясы көпкө сабак болду өңдөнөт. Андыктан элеттеги өз укугун так билбеген жаштарга үстөмдүк кылуу менен кылмышка шектүү кылып, акыйкат издөөдөн этият болуу керек дешет серепчилер.