Жаңылыктар
Нарын: жакында эки завод ишке берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: жакында эки завод ишке берилет

Жакында Нарын районунда бышкан кыш жана асфальт-бетон чыгаруучу эки завод ишке берилет. Учурда эки объектте тең жумуштар кызуу жүрүп жатат. Ата мекендик өндүрүш ишканалары ички инвесторлордун демилгеси менен курулууда. Асфальт-бетон заводунан чыккан продукция Теңир-Тоо жергесинде салынып жаткан жолдорго жана Нарын аэропортунун учуп-конуу тилкесинин жолуна колдонулат.