Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Алексей Миллер менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Алексей Миллер менен жолукту

Башка кабарлардан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санкт-Петербург шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында "Газпром" ишканасынын директору Алексей Миллер менен жолукту. Жолугушуунун алкагында газ менен жабдуу тармагында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. 

Жапаров эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгы тереңдеп, туруктуу өнүгүү жолунда бара жатканын белгиледи. Өз кезегинде Милллер Кыргызстан "Газпромдун" ишенимдүү өнөктөшүү болуп саналарын айтты. 

"Биздин энергетика жаатында жана газ боюнча кызматташууда мамилелерибиз аябай бекем. Мындай кызматташтыкты өнүктүрүүнүн чоң потенциалы бар экенине көзүбүз жетип турат", — деди Миллер. Ошондой эле тараптар Кыргызстанда компания тарабынан социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча күн тартибиндеги маселелерди карашканы айтылды.