Жаңылыктар
Караколдо жоголгон эже-сиңдинин сөөгү табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Караколдо жоголгон эже-сиңдинин сөөгү табылды

Каракол шаарында жоголгон беш жана эки жаштагы эже-сиңдинин сөөгү табылды, алардын сууга агып кеткени аныкталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, 6-июль күнү Караколдун Чкалов көчөсүндө саат 15:00дөр чамасында ойноп жүргөн эки кичинекей кыздарды таппай калышкан. Аларды издөөгө 15 куткаруучу, 60 милиция кызматкери тартылган. 

Бүгүн саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан бөбөктөрдүн сөөгү табылды. Ал эми Ысык-Көл облустук милициясы шаардын аймагында видеобайкоочу камералар изилденип, анда эже-сиңди кыздар Каракол суусун көздөй багыт алышканы аныкталганын билдирди. Мындан улам издөө иштери аталган суунун жээги боюнча жүргүзүлгөн.