Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычына октябрда 12,4 млрд метр куб суу топтолоору күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычына октябрда 12,4 млрд метр куб суу топтолоору күтүлүүдө

Токтогул суу сактагычына октябрда 12,4 млрд метр куб суу топтолоору күтүлүүдө. Бул божомолдогондон 1 млрд метр кубга аз экени Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында өткөн жыйында айтылды. Буга байланыштуу электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

“Азыр жай мезгили, күн узун жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланалы”, – деди ал. Ал эми Ош жана Бишкек шаарларындагы жылуулук электр борборлорун көмүр, мазут менен камсыздоо жана энергетикалык жабдууларды оңдоо иштеринде болсо, план боюнча иштер аткарылууда. Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБине 1,2 млн тонна көмүр керектелет, анын 550 миң тоннасы импорттолот. Ал эми, калк үчүн 1,3 млн тонна көмүр камдалышы керек. Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерине керектелүүчү мазуттун көлөмү 28 миң тоннаны түзсө, ал эми жалпы ЖЭБдерге жаратылыш газын керектөө көлөмү 74,1 млн метр кубду түзөт. Жыйындын жүрүшүндө бюджеттик мекемелерди, калкты отун менен камсыздоо жана аларды кышка даярдоо менен катар эле, көмүргө болгон баа саясаты каралды. Планга ылайык, республика боюнча 549 отун база ачылышы керек. Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары калк жетиштүү көлөмдө жана алгылыктуу баада өз убагында көмүр менен камсыздалышын керектигин билдирди.