Жаңылыктар
Ысык-Көлдө ДЭУнун экстремисттик материалдары табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө ДЭУнун экстремисттик материалдары табылды

Ысык-Көлдө “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун материалдары табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Ак-Суу жана Түп райондорунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 13 даректе уруксат берилген тинтүү иштери жүргүзүлдү.

 Натыйжада 142 даана диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, ошондой эле 38 электрондук алып жүрүүчү, флеш-карталар, дисктер жана 28 уюлдук телефондор түрүндөгү буюм далилдери табылып алынып, процессуалдык түрдө документтештирилди. УКМКдан белгилешкендей, теологиялык экспертизанын жыйынтыгында алардын арасынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик мүнөздөгү материалдары табылган. Учурда “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу” беренесинин негизинде кылмыш иштери козголуп, керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.