Жаңылыктар
"Ысык-Көл" аэропортунун шыбынан тамчылаган суу аэробекеттин ичин каптады
Кыргызстан жаңылыктары
"Ысык-Көл" аэропортунун шыбынан тамчылаган суу аэробекеттин ичин каптады

Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунун шыбынан тамчылаган суу аэробекеттин ичин каптады. Кечээ, 6-июлда, жамгыр жаагандан кийин ушундай абал түзүлгөн. 

Соцтармакта тараган видеодон аба майдандын чатырынан суу агып, имаратка кирип жатканын көрүүгө болот. Суу түшкөн жерге чакаларды коюп коюшкан, андан ашкан суу полго жайылган. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ жааган мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада "Ысык-Көл" аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен. "Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген. Аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, каттамдарда кечигүүлөр болгон жок" деп билдирди аба майдандын басма сөз кызматы.