Жаңылыктар
Казань-Бишкек-Казань аба каттамы көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Казань-Бишкек-Казань аба каттамы көбөйөт

Орусиянын "Урал аба жолдору" авикомпаниясы 15-июлдан тартып Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча биринчи каттамды ачып, Бишкектен Казанга үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. 

"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттамдар жумасына 1 жолу - ишемби күндөрү аткарылат. Эске салсак, башка авиакомпаниялар аталган багыт боюнча каттамдарды жумасына 4 жолу - дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарышууда. "Манас" аэропорту аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.