Жаңылыктар
КР - СА: Жакында каттамдары ишке киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
КР - СА: Жакында каттамдары ишке киргизилет

Суад Арабиясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 21-августтан тарта “Джидда - Ош - Джидда” жана 2-сентябрынан тарта “Джидда - Бишкек - Джидда” үзгүлтүксүз түз аба каттамдары ишке киргизилет. Бул туурасында Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. 

Анын айтуусунда, учуулар Падыша Абдулазиз атындагы эл аралык аэропортунан Ош аэропортуна - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү, ал эми “Манас” аэропортуна - шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлүп турат.

"Бул түз аба каттамдары биздин элчиликтин активдүү жана талыкпаган эмгегинин аракети болуп саналат. Аталган аба каттамдарын САПтагы жана Жакынкы Чыгыштагы алдыңкы бюджеттик аба компанияларынын бири - Flynas тейлейт. 2007-жылы ишке киргизилгенден тарта компания 60 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыган. Эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдардын ачылышы биздин эки тараптуу мамилелердин мындан ары да бекемделишине, экономика, маданият жана башка тармактардагы байланыштардын өнүгүшүнө, ошондой эле эки тарапка болгон туристтердин агымынын өсүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенем" - деди Улукбек Марипов