Жаңылыктар
Өзгөчө макамы бар чек ара аймактары
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө макамы бар чек ара аймактары

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чектешкен бардык айылдары чек ара аймактарынын тизмесине кирди. Райондун акими Темирболот Абыкеевдин айтуусунда, акыркы жылдары Тажикстан менен чек ара көйгөйлөрүнөн улам район эли чек ара макамын алууну суранып келген. Президент Садыр Жапаровдун Чоң-Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында да бул маселе көтөрүлгөн. 

Министрлер Кабинети тарабынан 23-июнунда кабыл алынган айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө токтомдун негизинде, Чоң-Алай районунун бардык айылы өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине киргизилди. 

Максат- мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө , чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү жана чек ара аймактарындагы ички миграцияны токтотуу.