УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, дарыгердин көрсөтмөсү боюнча берилүүчү, өзгөчө көп өлчөмдөгү дары-дармектерди Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен алып кирип жана Өзбекстандын аймагына алып чыгып жүргөн кыргыз жарандарынын кылмыштуу аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.
5-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында кыргыз жараны тарабынан 9600 даана Индияда жасалган “Зардекс” дарылары ыктыярдуу түрдө берилди, анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарында 288 миң АКШ долларын түзөт. Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 6-июлда бул каналдын уюштуруучусунун жашаган дарегинде - Ош облусу, Кара-Суу району, Шарк айылы, Мадумаров көчөсү боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 591 даана көзгө тамчылатчу “Тропикамид” дарылары алынды. Келтирилген зыяндын суммасы 5 млн 867 миң сомдун тегерегин түздү. Белгилей кетсек, жогоруда табылып алынган дары-дармектер Өзбекстандын аймагына жөнөтүү үчүн эч кандай уруксаат кагаздары жок Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келген, ал жакта жаштар бул дары-дармектерди жеңил баңгизат катары колдонушат.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.