Жаңылыктар
УКМК: Контрафакттык тамеки өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Контрафакттык тамеки өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

УКМК тарабынан УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттарынан тышкары товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюунча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 4-6-июлда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Мамай» тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак өлчөмүндөгү тамеки буюмдары түрүндөгү контрафакттык товарды Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары кармалды. 

Азыркы учурда аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин Экономикалык контрабанда жана Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.