Жаңылыктар
Кызамыкка чалдыккандардын 81% эмдөөдөн өткөн эмес
Кыргызстан жаңылыктары
Кызамыкка чалдыккандардын 81% эмдөөдөн өткөн эмес

Өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен ооруган 1001 бала катталып, алардын 81 пайызы эмдөөдөн өтпөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, вакцина албаган балдардын 33 пайызы — эмдөөдөн баш тарткандар, 29 пайызы — 6 жана 8 айлык ымыркайлар, 8 пайызы — ден соолугуна байланыштуу дарыгердин каршы көрсөтмөсү барлар, 1,3 пайызы — миграциялык шарттарга байланыштуу, 10 пайызы — белгисиз себептерден улам эмдөөдөн өтпөгөндөр. Министрлик кызамыкты дарылоонун атайын жолу жоктугун, бирок аны эмдөө менен гана алдын алууга мүмкүн экенин эскертет. "Эмдөө — балдардын жана коомдун ден соолугун инфекциялардан коргоодо маанилүү кадам. Андыктан бардык кыргызстандыктарды өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алууда жардам берүүгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле профилактикалык календарь боюнча балдар кызамыкка каршы 1 жана 6 жашында эмдөөдөн өтүшү керектиги айтылды.