Жаңылыктар
Бишкекте дагы бир мектеп пайда болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте дагы бир мектеп пайда болот

Мындан тышкары Президент баш калаанын 10-кичи районунда жайгашкан Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бирин көрүп чыкты. Мамлекет башчысы имараттын учурдагы абалы менен таанышып, аудиторияларды, окуу жерлерин жана капиталдык реконструкциялоого муктаж корпустун айланасын көрүп чыкты. Имараттын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат, анын бир бөлүгү дээрлик максаттуу пайдаланылбайт. 

Президент Садыр Жапаров окуу корпусунун аянтын натыйжасыз пайдаланууну эске алуу менен аталган имараттын жарымын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү жана капиталдык оңдоодон өткөн жаңы жалпы билим берүүчү мектеп катары жабдууну тапшырды.