Жаңылыктар
Бишкек - Ысык-Көл: Унаалар күчөтүлгөн тартипте текшерилип жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Ысык-Көл: Унаалар күчөтүлгөн тартипте текшерилип жатат

Бишкектен Ысык-Көлгө бараткан жолдо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Мындай аракеттер туристтердин коопсуздугун толук кандуу камсыздоо үчүн жасалууда. 

"Дем алыш күндөрү шаардан Ысык-Көлгө бара жаткан унаалардын агымы көп болот. Атайын ротанын кызматкерлери ичимдик ичип алып унаа башкарган, ылдамдыкты ашырып айдаган жана одоно эреже бузган айдоочуларга тийиштүү чараларды көрөт. Муну менен коопсуздук багытындагы иштерди күчөтүү тапшырмалары коюлду", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле чет өлкөдөн келген туристтерге ЖКККББ тарабынан даярдалган эскертме буклеттери таратылып жатканы белгиленди.