Жаңылыктар
Күндүн темасы: маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө
Маданият
Күндүн темасы: маданият кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө

Бүгүн –Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнү. Мына ушул майрамга карата Биринчи Радионун “Күндүнтемасы” программасында түз эфирде  КРмаданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков  болду. Маданият кызматкерлеринин күнү майрам катары 1995-жылдан бери белгиленип келатат. Бул күндүн белгиленип калышына аракет кылгандардынбашында Түгөлбай Казаков өзү турган. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолукыргыз тарыхында И.Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. 

“Күндүн темасы” программасында Түгөлбай Казаков аймактарда маданиятты өнүктүрүү, айылдык маданият үйөлөрүн, китепканаларды калыбына келтирүү жана айыл маданиятын көтөрүү тууралуу кеңири сөз кылып угармандардын суроолоруна жооп берди.  Ошондой эле кыргыз эли маданият аркылуу гана өзүнүн нукура улуттук асыл сапаттарын сактап келгенине жана  улуттук маданиятты руханий  күчкө айландыруу  зарылдыгына токтолду.