Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына жөнөп кетти
Саясат
Президент Садыр Жапаров  мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына жөнөп кетти. 

Мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.