Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга барды
Саясат
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн мамлекеттик сапар менен Монголияга барды. Мамлекет башчынын борту Улан-Батор шаарынын "Чыңгызхан" эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өтүп, бир катар документтер кабыл алынат. 

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында - Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.