Жаңылыктар
Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 4-ноябрда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Жолдор тайгак болот. 5-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3… -8° , Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0 дөн ..5градуска чейин суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8° , бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…10° суук болушу күтүлөт.