Жаңылыктар
Кыргызстан - Таджикистан; топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Таджикистан; топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында болуп өттү.Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында болоору пландалууда.