Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен дагы бир жолу жылуу куттуктап, анын жеңиши - боордош өзбек элинин ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган анын саясий багытын өлкө эли колдой турганын шайлоонун жыйынтыгы тастыктады.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин ишмердиги мындан ары да боордош Өзбекстандын өнүгүшүнө жана анын элинин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын келечегин, регионалдык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.