Жаңылыктар
Эл аралык баңги каналынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык баңги каналынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Атайын операцияда Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2001-жылы туулган жаранга таандык «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаага тинтүү жүргүзүлгөндө, жашырылган 24 даана таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган. Экспертизада алынган заттар мефедрон психотроптук зат экени аныкталды. Бул психотроптук затты сатууда шектүү катары кармалган жаран менен башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз тапкан кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзмөк деп айтылууда. 

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы кылмыш ишин козгоду. Тергөөдө кармалган жаран узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азия боюнча ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени такталды. Алар баңгизаттарды интернет аркылуу сатып жүрүшкөн.