Жаңылыктар
Эржан Токотаев Түркия чемпионатында ойнойт
Спорт
Эржан Токотаев Түркия чемпионатында ойнойт

Кыргызстан улуттук курамасынын дарбазачысы Эржан Токотаев карьерасын Түркия чемпионатында улантат.

10-июлда 22 жаштагы футболчу «Шанлыурфаспор» клубунун катарына өттү.

Өткөн сезондо «Шанлыурфаспор» командасы Түркиянын 2-лигасында ойноп, 2-орунду ээлешкен. Жыйынтыгында плей-оффко чыгышкан.

Плей-оффто түркиялык команда 3 жеңишке жетип, 2-лиганын чемпиону аталган. Ошентип, «Шанлыурфаспор» Түкиянын деңгээли боюнча экинчиде турган Биринчи лигасында ойногонго мүмкүнчүлүк алды.

Биринчи лига 11-августта старт алат.

Буга чейин Токотаев Казакстан чемпионатында «Каспий» клубунун курамында ойногон.