Борбор калаанын мэриясы КР Триатлон федерациясы менен No69 мектеп-гимназиясынын бассейнин капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду.
Оңдоп-түзөө иштери жакынкы аралыкта башталат. Суу менен камсыздоо жана чыпкалоо системасын, душтарды, кийим чечүүчү бөлмөлөрдү, машыктыруучу, административдик-техникалык жайларды оңдоо жана модернизациялоо пландаштырылууда.
Ошондой эле, келишимдин алкагында мектептин спорт залын жана чуркоо боюнча жеңил атлетика ийримин оңдоо, заманбап резина каптоо менен жаңылоо пландалууда. Күтүлгөн оңдоо мөөнөтү 5 айдан 7 айга чейин. Федерация жана өнөктөштөр тарабынан тартылган инвестициянын көлөмү 30 000 000 сомдон ашат.