Жаңылыктар
Өнөр жай продукциясынын көлөмү көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өнөр жай продукциясынын көлөмү көбөйдү

2023-жылдын январь-июнь айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 207 миллиард сомду түздү.  Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бул 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу текстиль өндүрүшүндөгү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын фармацевтикалык продукциялардын, химиялык продукциялардын, жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктин, резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарын өндүрүүнүн, тамак-аш  жана тамекинин, ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көлөмдөрүнүн жогорулашынын эсебинен 0,4% көбөйдү. 

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 11,2%, айыл чарбасында 2,5%, дүң жана чекене соодада 17,8% түздү.