Жаңылыктар
Кыргызстан дүйнөлүк жол кырсыгы боюнча рейтингинде 179 дөн 60-орунга чыкты
Кырсык
 Кыргызстан дүйнөлүк жол кырсыгы боюнча рейтингинде 179 дөн 60-орунга чыкты

 Кыргызстан жол кырсыгынан болгон өлүм боюнча дүйнөнүн 179 өлкөсүнүн ичинде 60-орунга чыкты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чыгарган рейтингде белгилүү болду.  Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн арасында 2-оорунда турарын бир катар ММКлар жазып чыккан. Жергиликтүү басылмалардан ар күнү 1-2 ирээт адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы тууралуу окууга болот. Адистер кырсыктын бир нече келип чыгуу себептерин айтканы менен эч майнап чыкпай келет. Деги эле жол кырсыгын азайтуунун кандай конкреттүү жолдору бар? Биринчи жоопкерчиликти ким сезиши кер: Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунунун изилдөөсүндө ВИЧ-СПИД,  кургак учук же безгек оорусунан кийин эле жылына миллиондогон адамдарын өлүмүнө жол кырсыгы себеп экендиги аныкталган.

  Жол кырсыгына эң биринчи ким күнөөлү? Айдоочубу же жөө жүргүнчүбү? Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалымат   кызматынын өкүлү Тилек Оторовдун айтымында жол кырсыктарынын 80 пайызында айдоочулар күнөөлүү.  Бирок күн сайын болуп жаткан шаар ичиндеги жол кырсыктарына жөө жүргүнчүлөрдүн этиятсыздыгы себеп болсо, ири магистралдардагы кырсыктарда айдоочулардын ылдамдык эрежесин сактабагандыгы себеп. 

Жол кырсыктарынын дагы бир себеби, айдоо маданиятынын  жоктугу жана айдоочулук  күбөлүктүн жең ичинен сатылышы. Айрым эскперттер Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрүнүн жеткиликтүү иш алып барбагандыгын да сындап келишет. Бирок жол кырсыгын алдын алууда эң башкысы жарандарды жоопкерчиликке чакыруу дейт юридика илимдеринин кандидаты Болот Борбиев.

 Кыргызстан  КМШ өлкөлөрүнүн  арасында жол кырсыгынан каза болгон жарандардын саны боюнча  экинчи орунда турат.  Форбс, кей зет редакциясы  мурдагы  союз   өлкөлөрүндөгу жол  кырсыгынан  болгон өлүмдү  салыштырган. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында  Казакстан биринчи, Кыргызстан экинчи ,  ал эми үчүнчү орунга  Россия  чыккан.  Ошол эле учурда ,  прибалтика өлкөлөрү жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны боюнча артта экендиги белгилүу болду.   Расмий маалыматтарга таянсак,  өлкөдө ,  2013-жылга чейин жол кырсыктары өскөн.  Бирок,  ал 2014-2015-жылдары  кескин төмөндөп,  былтыр 0,4 пайызга кыскарса, үстүбүздөгү жылы 8 айында 16,7 пайызга төмөндөгөн.