Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды.Алгач, МинКаб Төрагасы ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул перинаталдык борбор жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. 

Медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт. Ооруканада 100дөн ашуун бейтапка орун каралган.  

Белгилей кетсек, бул Перинаталдык борбордун курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилиши күтүлүүдө.МинКаб Төрагасы белгилегендей, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мындай Перинаталдык борборлор Ош жана Талас облустарында дагы курулат. 

“Заманбап перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, андагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана техникалык абалын жакшыртуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири”, – деди Акылбек Жапаров. 

Андан ары МинКаб Төрагасы Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына барып, ооруканын жаңы хирургиялык кабыл алуу бөлүмүн реконструкциялоо иштери менен таанышып чыкты.