Жаңылыктар
Биринчи жарым жылдыкта салыктык түшүүлөр 132,2 млрд сомду түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи жарым жылдыкта салыктык түшүүлөр 132,2 млрд сомду түздү

Дүйнөдөгү саясий кырдаалга карабастан, 2023-жылдын 6 айында бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 176,7 млрд сомду түзүп, белгиленген план 108,4%га аткарылган. Бул тууралуу Финансы министрлигинде өткөн 2023-жылдын I жарым жылдыгында республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Анын маалыматына караганда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 130,4% түздү. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик башкаруу секторунун ресурстары 257,6 млрд сомду түздү. Биринчи жарым жылдыкта салыктык түшүүлөр 132,2 млрд сомду түздү же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 126,4%ды түздү.