Жаңылыктар
Бишкекте абаны булгаган унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте абаны булгаган унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Бишкекте абага зыяндуу заттарды чыгаруунун уруксат берилген нормасынан ашкан унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. 

Рейд борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын, мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө. Рейддин жүрүшүндө 12 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Транспорт каражаттарынын ээлерине карата «Укук бузуулар жөнүндө» кодекске ылайык, 45 миң сом айып пул салынды.