Жаңылыктар
Мраморное айылында ФАП курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мраморное айылында ФАП курулууда

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморное айылында фельдшердик-акушердик пункттун имаратынын курулушу башталды. Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Канат Жумагазиев жаңы ФАПтын пайдубалына мезгил кутусун салды. 

Мраморное айылынан 1,5 гектар жер бөлүнүп, бүгүнкү күндө бул жерде жалпы баасы 19 млн сомдук эки кабаттуу ФАПтын курулушу башталып, иш 100% жергиликтүү бюджеттен каржыланат .Фельдшердик-акушердик пункттун аянты 295,1 чарчы метр, 8 бөлмөсү жана күтүү залы бар. Бул ФАП заманбап жабдыктар менен жабдылып, 5 миңге чейин калкты тейлөөгө ылайыкталган.