Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запасарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологические ресурсы коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, с атып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын: 

1) шкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;

2) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;

3) ормий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологлык мониторинг жүргүзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Министрер Кабинети:

– бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, анын ичинде аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тишелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.