Жаңылыктар
Суу маселеси чечилди! Борбор калаанын мэриясы суу алгычты бир күндө оңдоп бүттү
Кыргызстан жаңылыктары
Суу маселеси чечилди! Борбор калаанын мэриясы суу алгычты бир күндө оңдоп бүттү

Борбор калаанын мэриясы «Көк-Жар» суу алгычында пландалган оңдоо иштерин тез арада бүтүрдү.

«Бишкексууканал» башкармалыгынын командасы эки күнгө пландалган чоң көлөмдөгү иштерди бир күн ичинде бүткөрдү.

Ошентип, резервуарлар дезинфекцияланып, шаардык суу түтүктөрүндө керектүү оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында 12-июль эртең менен шаардын бардык аймагына, анын ичинде Арча-Бешик конушуна таза суу туруктуу бериле баштайт.