Жаңылыктар
Курулуп жаткан футбол академиясы 2017-жылы пайдаланууга берилет
Спорт
Курулуп жаткан футбол академиясы 2017-жылы пайдаланууга берилет

2017-жылдын март айында Ош шаарында курулуп жаткан балдар футбол академиясы пайдаланууга берилет. Азыр эки чоң, эки кичи футбол аянтчаларынын курулушу жүрүп жатат. 

Калаадагы Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан курулушка ФИФА каржылык колдоо көрсөткөн. Жалпысынан бул жайда аймактарданкелген 60тай бала машыгат. 

Мында жатакана, ашкана , жуунучу бөлмө ылайыкталып, шарттар каралган. Негизинен бул жайда 2000ге жакын өспүрүмдөр спорт менен машыга алышат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118