Жаңылыктар
Акылбек Жапаров мамлекеттик ишмер жана дипломат Жаныш Рустенбековду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров мамлекеттик ишмер жана дипломат Жаныш Рустенбековду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, саясатчы, дипломат, СССРдин эң мыкты партиялык кадрларынын бири, Ленин комсомолу жаштар союзунун Кыргызстандагы жетекчиси Жаныш Рустенбековду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Кыргыз Республикасынын Президентинин, жалпы Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан Жаныш Рустенбековдун үй-бүлөсүнүн, жакын туугандарынын аза кайгыларын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айткан МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров маркумдун басып өткөн өмүр таржымалына токтолуп, анын уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, саясий көз караштары бекем сапаттарын белгиледи. 

“25 жашында Кыргыз ССРинин Ленин комсомол жаштар союзунун борбордук комитетине кызматка чакырылган. Ошентип 1975-жылдан тартып, дээрлик 50 жыл мамлекеттик кызматка узак жылдар бою ак эмгегин арнады. Жаныш Султанкулович Рустенбеков – Кыргызстандын тарыхында өмүрүнүн көпчүлүгүн мамлекеттик кызматка арнаган көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер, дипломат катары кала берет”, - деди ал. Белгилей кетсек, Жаныш Рустенбеков 74 жаш курагында каза болду. Ал Легендарлуу парламенттин депутаты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Президенттин Администрация жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты, Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп бир катар кызматтарда иштеген. Маркум Жаныш Рустенбековдун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.