Жаңылыктар
«Азаттык медианын» айланасындагы соттук териштирүүлөр токтоду
Кыргызстан жаңылыктары
«Азаттык медианын» айланасындагы соттук териштирүүлөр токтоду

"Азаттык Медиа" ишмердүүлүгүн улантат, ага байланыштуу соттук териштирүүлөр токтотулду. Бул тууралуу кабарлаган маданият министрлиги эки тараптын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлганын билдирди. Ага ылайык, Азаттык былтыр чек арадагы жанжал боюнча жалган маалымат камтылган материалын бардык ресурстардан өчүрдү. Келишим бүгүн Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди.

Дээрлик 9 айга созулган соттук териштирүулөр токтотулду. Эки тарап элдешүү келишимине кол коюшту. Маданият министрлиги менен Азаттык медиасынын ортосундагы маселе былтыр октябрь айында башталган. Буга өткөн жылы 14-17-сентябрындагы чек арадагы конфликт боюнча Азаттыкта туура эмес материал жарыяланганы себеп болду деп билдирген маданият министрлиги. Алгач аталган мекеме--былтыр кузундо редакцияга кат жолдоп--өлкө мыйзамдарына каршы келген материалды бардык ресурстан өчүрүүнү өтунгөн. Бирок, баш тартуу тууралуу жооп алынган сон, маданият министрлиги жаңы мыйзамдын негизинде өз укугунан пайдаланып сайтты алгач эки айга бөгөттөп, бирок коюлган талап аткарылбагандыктан чектөө белгисиз мөөнөткө узартыла берген. Ал эми жыл башында болсо министрлик сотко кайрылып, Азаттыктын ишмердүүлүгүн токтотуу өтүнүчүн келтирип, териштирүүлөрдүн негизинде 27-апрелде биринчи инстанция аны канааттандырган.