Жаңылыктар
Өлкө бюджетинин көрсөткүчтөрү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө бюджетинин көрсөткүчтөрү

Дүйнөдөгү саясий олку-солкулук, туруксуз экономика жана фискалдык көрсөткүчтөр. Финансы министрлигинде биринчи жарым жылдыкта республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди. Ага ылайык, көрсөткүчтөр жакшырган. Экономисттер муну “тоскоолдуктардан пайда чыгаруу” экенин белгилеп жатышат.

Быйыл жарым жылдыкта бюджеттин киреше бөлүгү 108 пайыздан ашык аткарылган. Мындай маалымат кечээ Финансы министрлигинде өткөн 2023-жылдын I жарым жылдыгында республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жыйында белгилүү болду. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышкан. Дүйнөдөгү олку-солку саясий кырдаал жана анын экономикага тийгизген терс таасирине карабастан көрсөткүчтөрдүн жакшыруусу фискалдык реформалардын жемиши дешет адистер.